ИИБдин тергөөчүлөрү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Аламүдүн районунда тергөөчүлөр алдамчылык фактысы боюнча ишти токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

13-ноябрда пара талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун ИИБнын Аламүдүн РИИБнин тергөөчүлөрү кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, камакка алуу КР Жазык  кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) менен КЖБРде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө биргелешип жүргүзүлгөн.

Ошентип,тергөөчүлөр КР жараны «Н.Д.дан» алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 70 миң сом өлчөмүндө акча өндүрүп алышкан.

Тергөөчүлөр Г.М.Ш. менен Б.К.Н. 2021-жылдын 10-ноябрында Бишкек шаарындагы банктардын биринин банк картасы аркылуу Н.Д.нын өкүлү – А.И.ден 70 миң сом алганы аныкталган. Андан кийин, 2021-жылдын 12-ноябрында тергөөчү Г.М.Ш. жаран Н.Д.га карата алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечимин чыгарган.

Чүй облусунун ИИБнын Аламүдүн РИИБнин кармалган тергөөчүлөрүнүн бири Г.М.Ш. КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинде каралган тартипте КР УКМКнын тергөө абагына.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий