Беловодское айылында мас абалындагы чырдан улам бир адам каза болду. Киши өлтүрүүгө шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Кечки саат төрттөр чамасында Беловодское айылындагы үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылды деген чакыруу милицияга келип түшкөн.
Тергөө-ыкчам тобу аталган жерге жөнөп кетишти. Милиция кызматкерлери бычактан жаракат алып, 1969-жылы туулган Т.М. каза болгонун аныкташты. Бул факт КЖБPде КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Адам өлтүрүү») менен катталган.
Чүй ОИИБдин жана Москва РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу шектүү кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, адам өлтүрүү мас абалындагы чырдан кийин жасалган.
Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.