«Хизб ут-Тахрир» тарапкери экстремизмден баш тартты: видео

Чүй облусунда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмунун окуусун карманган Кыргызстандын жараны экстремисттик ишениминен баш тартты. Бул тууралуу облустук ИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, мурда соттолгон жаран буга чейин жасаган иш-аракеттеринин туура эместигин мойнуна алып, «Хизб ут-Тахрир» ДЭУнун жолдоочусу болуудан баш тарткан.

«Чүй районунун тургуну жаш кезинде сабатсыздыктан тыюу салынган уюмга мүчө болуп, бул идеологияны карманып, кийин соттолгондугун айткан. Ал эми бүгүн бул үчүн абдан өкүнүчтүү», – деп билдиришти милициядан.

Жаран ар бир адамды, өзгөчө жаш муундарды анын абалына калбай, кыраакы болууга чакырат.

Ал ошондой эле буга чейинки көз караштары жана аракеттери туура эмес экенин айтып, келечекте мыйзамдарды сактоого убада берди.

 

Добавить комментарий