Героин: чүйдө кишинин баштыгынан 6 кг героин табылды

Чүй облусунда кишинин баштыгынан алты килограмм героин табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Баткен облусунан Чүйгө баңгизатын жөнөтүп турган туруктуу каналды аныктоо операциясы ийгиликтүү аяктады.

 В Чуйской области в сумке у мужчины нашли 6 килограммов героина
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МВД КР
Чүй облусунда кишинин баштыгынан алты килограмм героин табылды

11-декабрь күнү Ысык-Ата районундагы стационардык посттон жеңил унаа токтотулган. Рулду 33 жаштагы кыргызстандык башкарып бараткан. Унаанын салонунан баштыкка салынган баңгизат табылган.

 В Чуйской области в сумке у мужчины нашли 6 килограммов героина
© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МВД КР
Шектүүлөр

Ал эми 13-декабрда Баткен облусунда баңгизатын жүгүрткөн каналды түздү деп 50 жаштагы киши колго түшкөн. Эки шектүү тең убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Добавить комментарий