Дем алыш күндөрү 5 адам чөгүп кетти

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин берген маалыматына ылайык, өткөн дем алыш күндөрү өлкөнүн суу объектилеринде беш адам чөгүп кетти. Каза болгондордун экөө жети жаштагы балдар экени белгиленди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2005-жылы туулган жигит Кемин районунун Жел-Арык айылындагы көлмөдө чөгүп кеткен. Окуя болгон жерге саат 19:35 чамасында келген куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аламедин районунун Лебединовка айылында 2005-жылы туулган жигит сууга чөгүп кетти. Издөө иштерине 3 куткаруучу тартылган. Караңгы киргенге байланыштуу, издөө саат 00:15 чамасында убактылуу токтотулган. 10-августта издөө иштерине 5 куткаруучу тартылып, саат 07:00 чамасында маркумдун сөөгүн суудан алып чыгып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ошондой эле, 7-августта Кочкор районунун Тендик айылында 2013-жылы туулган жигит Чу дарыясына чөгүп кеткен. 9-августта издөө иштерин жүргүзүү үчүн 11 куткаруучу тартылган. Караңгы киргенге байланыштуу, издөө иштери саат 20:20да убактылуу токтотулган. Издөө эч кандай натыйжа берген жок. Издөө иштери 10-августта улантылат.

Мындан тышкары, 8-августта Ала-Букада Орто-Токой суу сактагычында 1994-жылы туулган адам чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. 9-августта 7 куткаруучу, Ички иштер министрлигинин 4 кызматкери жана 20 жергиликтүү тургундар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен издөө иштерин жүргүзүүгө тартылган. Саат 12:00 чамасында издөө иштеринин жүрүшүндө эркек кишинин сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

9-августта Кара-Суу районунда 2013-жылы туулган бала Мвдыда Ачы айылынын каналына чөгүп кетти. Издөө иштерине 4 куткаруучу жана 10 жергиликтүү тургун тартылган. Түн караңгы болгондуктан, издөө иштери саат 21:20да убактылуу токтотулган. Издөө иштери 10-августта улантылат.

 

Добавить комментарий