Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында бир бала көз жумду. Жергиликтүү тургундардын айтымында, ал дарыяга кулап түшкөн. Милиция жана куткаруучулар чакырылган, бирок алар келгенге чейин, адамдар баланы өз алдынча сактап калууга аракет жасашкан.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кайгылуу окуя жөнүндө билдирди. Берилген маалыматка ылайык, окуя Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында болгон. Дарыяга 2014-жылы туулган М.И кулаган.
93-отряддын 6 куткаруучусу издөө иштерине жөнөтүлгөн, бирок алар келгенге чейин, жергиликтүү тургундар баланын денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
Кийинчерээк Талас облустук ички иштер башкармалыгы 6 жашар баланын тайгаланып, сууга түшүп кеткенин кабарлаган. Бул кырсык түштөн кийин болду.