
Дагестанда массалык уулануу катталды. Маалым болгондой, 40тан ашык адам тамак-аштан ууланып ооруканага түшкөн.
19-июндан бери Дагестандын Буйнакский районунда 40тан ашуун россиялык тамак-аштан ууланган белгилери менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Дагестандын прокурорунун улук жардамчысы Татьяна Голубова билдирди.
«Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 19-июнунан бери Буйнакск борбордук шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жана Дагестан Республикасынын «Буйнакск райондук ооруканасы» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин жергиликтүү ооруканасына тамак-аштан уулануунун белгилери менен 40тан ашык адам түшкөн», — деп түшүндүрдү ал.
Анын айтымында, жабырлануучулар Буйнакск районундагы кондитердик цехтен тамак жешкен. Учурда РФ Жазык кодексинин 238-беренесинин 1-бөлүгү («Керектөөчүлөрдүн өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу үчүн талаптарга жооп бербеген товарларды өндүрүү жана сатуу») менен кылмыш иши козголду.
Аймактык Роспотребнадзор 49 бейтап инфекциялык ооруканага жаткырылганын, бардыгына белгисиз этиологиядагы тамак-аштан уулануу деген диагноз коюлганын тактады.
«Дагестан Республикасынын Гигиена жана эпидемиология борборуна бейтаптардан алынган клиникалык материалдар, тамак-аш азыктары, кран суулары, экологиялык жана вирусологиялык изилдөөлөр үчүн экологиялык объекттерден жуулуулар жеткирилди», — деп кошумчалады ведомство.