Чаткал: Мектептин шыбы кулап, 19 адам ооруканада

А. Чымканаев атындагы No18 мектепте класстардын биринин шыбы кулап түшкөн. Бул сабак учурунда болгон.

Окуя болгон жерге үч куткаруучу барган.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы мектепте сабак учурунда шыптын бир бөлүгү кулап, 19 адам ооруканага жеткирилди, деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы мектепте шыпты бир бөлүгү окуучулардын үстүнө кулап, 19 адам жабыркады

© Фото/КР ӨКМ басма сөз кызматы

Окуя бүгүн No18 А. Чымканаев атындагы мектепте сабак учурунда болгон. Окуя болгон жерге үч куткаруучу барган.

«Окуянын кесепетинен 18 окуучу жана бир мугалим Ала-Бука аймактык ооруканасына жеткирилди», — деп билдирди ӨКМ.

Добавить комментарий