Чүй облусунда жол кырсыгы: жүк ташуучу унаа көпүрөдөн оодарылып кетти

Дүйшөмбү күнү Чүй районундагы Өтмөк ашуусунда жол кырсыгы катталды. Айдоочу рулду башкара албай көпүрөдөн учуп кеткен. Учурда жагдайлар такталууда.

ӨКМ басма сөз кызматы маалымдагандай, 11-октябрда саат 19:00 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 198-чакырымында, Чүй облусунун Жайыл районунун аймагында, Өтмөк ашуусунда бетон шакектери жүктөлгөн оор жүк ташуучу «DAF» автомобили жана «Тойота Хайлюкс Сурф» автомобили катышкан жол кырсыгы болгон.

Окуянын кесепетинен көпүрөдөн оор жүк ташуучу унаа кулап, андан кийин бетон шакекчелер жолдун бир тарабын тосуп калган.

Окуя тууралуу маалымат ӨКМга 12-октябрда келип түшкөн. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу чыгып, жолду тоскон бетон шакекчелерден тазалашкан.

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы Т.Б. жабыркап, ал тез жардам унаасында ооруканага жаткырылган.

Добавить комментарий