Чүй облусунда ИИМдин масштабдуу рейддери жүрүп жатат

Чүй облусунун Сокулук РИИБдин кызматкерлери каракчылыкка каршы иш-чаранын алкагында күнү-түнү рейддерди өткөрүшөт.

14-июлда башталган рейддер 30-июлга чейин уланарын Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошентип, ыкчам кызматкерлерди жана тышкы кызматты камтыган коопсуздук чарасына 50 ашуун милиция кызматкерлери тартылды. Мындан тышкары, рейдге Чүй ИИББдин Жол кайгуул кызматынын инспекторлору, кайгуул-күзөт кызматы жана Атайын ыкчам чара көрүү отрядынын согушкерлери катышты.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, тоноо (2 факт), уурулук (16 факт) сыяктуу кылмыштардын бети ачылып, издөөдө жүргөн бир адам жана БВПнын 3 фактысы табылган.

Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери мурда соттолгон адамдарды жана каттоодо тургандарды текшеришет. Ошондой эле, күч түзүмдөрү жергиликтүү тургундар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сергек болууну жана узак убакытка чейин жок болгон учурда батирлерин жана үйлөрүн көзөмөлдөөнү эскертет. Мындан тышкары, элдик кошуундар үй комитеттери жана райондук комитеттери менен баарлашып, видеобайкоочу камераларды орнотуу зарылдыгы жөнүндө маалымат беришти.

Ошондой эле, элдик кошуундар үйлөрдүн жанына маалыматтык баракчаларды, ишеним телефонунун, нөөмөт бөлүмдөрүнүн телефондору, РИИБдин кызматкерлеринин жана ыкчам кызматкерлеринин телефон номерлери илинген.

Чүй облусунун ИИББ кылмышка күбө болгон жарандарды милицияга билдирүүгө же 0 (312) 60-75-67 ишеним телефону аркылуу кайрылууга чакырат. Анонимдүүлүккө жана купуялуулукка кепилдик берилет.

 

Добавить комментарий