Чүй облусунда бир үй-бүлөнү карактоого шектүүлөр кармалды

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Сокулук районунда жашаган үй-бүлөгө каракчылык менен кол салууга шектүүлөр кармалды.

Облустук ИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 10-январында Сокулук РИИБге саат 22:45 чамасында тоноо фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу барышып, барган жеринде беткапчан белгисиз адамдар райондун айылдарынын бириндеги үйлөрдүн бирине кирип, 33 жаштагы Е.Н. жана 50 жаштагы М.С. (энеси жана уулу) жыгач таяк менен денесине залал келтиргени аныкталган. Андан соң 1 миллион 200 миң сомдук каражатты ээлеп, изин жашырып кетишкен.

Аталган факт КР Жазык кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) каралган кылмыштын негизинде Сокулук районунун ИИБнин КЖБРге катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, керектүү экспертизалар дайындалды.

Керектүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан жогорудагы фактыларды жасоого шектелип, 26 жаштагы Ш.А., 44 жаштагы Х.Р. жана Ю.И. аныкталып, кармалган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдүн биринен 551 миң сом, экинчисинен 85 миң сом акча шектүүлөрдүн жашаган жеринен табылган.

Добавить комментарий