20-мартта Чүй облусунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан жарандан опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Окуя Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери андан 50 миң сом талап кылып жатканын айткан жарандын арызынан кийин катталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине ылайык пара талап кылуу боюнча кылмыш иши козголду, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы.
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында сот аткаруучу көрсөтүлгөн суммадагы акчаны алуу учурунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Андан ары текшерүү үчүн маркирленген каражаттар алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда. Укук коргоо органдары тарабынан кылмыштын бардык жагдайларын тактоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.