Чүй облусунда 21 жаштагы айдоочу 70 жаштагы кемпирди сүзүп кетти

Чүй районунун Садовое айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды, деп билдирди ЖКККБ басма сөз кызматы.

«27-майда саат 22:00 Чүй облусунун Москва районундагы Садовое айылындагы Бишкек-Чалдовар унаа жолунун 36-чакырымында жол кырсыгы катталган. Mercedes-Benz унаасын башкарып бара жаткан 21 жаштагы жигит 70 жаштагы кемпирди сүзүп кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Аял жеринде каза болгон, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Милиция жол кырсыгы караңгыда көчө жарыктанбагандыктан болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбайт.

Добавить комментарий