Чүй облустук ИИББдин ЖКККБ басма сөз кызматы акыркы бир жуманын ичинде, 13-сентябрдан 19-сентябрга чейин үч миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталганын билдирди.
Департаменттин маалыматы боюнча, 3 миң 35 мыйзам бузуунун ичинен:
— 40 айдоочу мас абалында унааны башкарган;
— 1126 айдоочу ылдамдык чегинен чыгып кеткен;
— 17 айдоочу документтери жок транспорт каражатын айдашкан;
— 64 унаа айып короого токтотулган.
«Чүй ОИИБдин ЖКККБ айдоочуларды жол эрежесин бузбоого суранат», — деп айтылат билдирүүдө.