Чүй облусу: курал-жарак менен жашырын жер табылды

Уюшкан кылмыштуу топторго жана курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө КР УКМК кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада ок атуучу куралдар менен ок-дарылардын сактагычы табылды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жашырын жерде ар кандай калибрдеги өчүрүлгөн номерлери жана гильзалары бар Калашников АК-47 автоматы табылып, алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал-жарак жана ок-дарылар тоноого катышкан кылмышкерлерге таандык болушу мүмкүн.

Учурда УКМК ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Добавить комментарий