Бычак. Өспүрүм баланы таякеси зордуктап, өлтүрүп койгон. 90-жылдардагы кылмыштар

Түрмөдөн качып, жээнин зордуктап, өлтүрүп…
Мурда соттолгон 25 жаштагы жигит бир тууган эжесинин уулунун өмүрүн алган. Түрмөдөгү жазасынан качып жүргөн ал жаран үйдө отуруп жашы жете элек бала менен айтыша кетип, эч ким жоктугунан пайдаланып ага карата сексуалдык аракеттерди жасаган. Андан соң былыгын жашыруу максатында күч колдонуп окуучуну өлтүрүп койгон. Сот отурумунда айыпталуучунун жазасын жеңилдетүү боюнча эч ким өтүнүч келтирген эмес. Жада калса апасы, бир тууган эжеси да жүзүн бурган. Жасаганын мойнуна алган жаранды фемида өкүлдөрү өлүм жазасына тарткан.

Кыздарды сызга отургузган «Дон Жуан»
Куйкаланган койдун башы. Архив

24 жаштагы жаш жигит борбор калаадагы көпчүлүк кыздардын жүрөгүн багындырып, улам бирин сызга отургузуп келген. Алгач, таанышканда өзүн атайын аскердик бөлүктө кызмат өтөп, согуш талаасында да болгонун кеп кылып, эрдиктерин айтып сулууларды сүйдүрткөн. Муну менен гана тим болбостон, бийкечтердин үйүндө жашап, алардын ата-энеси менен таанышып, кыздардын колун сурап койчу. Ишеничке киргенден кийин махабатка мас болгон «болочоктогу келинчектеринин» үйүнөн кымбат баалуу буюмдарды, акча-тыйындарын алып таптырбай кетчү. Ошондуктан «Дон Жуанды» Бишкектеги колунда барлардын көкүрөк күчүктөрү гана эмес, шаардык милиция да издеген.
Зөөкүр жоокер
Шектүү Россиядагы аскер бөлүктөрдүн биринде кызмат өтөп жүрүп мекенине качып келген. Бишкекте укук коргоо органдарына карматпай, бир нече ай көчөлөп, ар кайсы жерде түнөгөн. Кийин өзүнө окшогон казакстандык дезертирди жолуктуруп, алар борбор калаанын четиндеги бир дыйкандын талаа иштерине жардам берип тыйын таба баштаган. Качкындар ал жактан курсагын тойгузуп турган. Күндөрдүн биринде алардын бири түн ортосунда үй ээсин жана анын келинчегин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп салган. Маркумдардын канжалаган сөөгүн биринчилерден болуп кичинекей кызы менен баласы көрүп, кошунасынын үйүнө ыйлап барган. Ал эми адам өмүрүн алган кылмышкерлер үйдү чачып акча издеп, эч нерсе таппай койгондо из жашырган. Адамдын төбө чачын тик тургузган окуяга сот чекит коюп, зөөкүрдүн бирин атууга жиберген.

Кол салуу Бишкекте түндө болуп, ал окуя көпчүлүк шаардыктарды тынчсыздандырган. Анда «Калашников» автоматы менен «Макаров» тапанчасын көтөргөн кылмышкерлер бир нече адамга кол салган. Алар «Нивага» отургандарга ок чыгарган. Автоунаанын тарпы чыгып, ок түгөнгүчө аткылашкан. Анын кесепетинен эки жаран ошол жерден мүрт кетип, калган экөө оор абалда ооруканага жеткирилген. Укук коргоо кызматкерлери аталган кылмыш иштин ачууда көптөгөн кыйынчылыктарга кабылган.
Боор ооруса, боорго тээп…
Бишкекте жашаган 64 жаштагы кемпир көчөдөгү 40 жаштагы селсаякты үйүнө киргизип, жуунтуп, тазалап адам катарына кошкон. Бирок көнгөн адатын таштабаган эргул арагын ичип, «ыраазычылык» ирээтинде пенсионердин айласын кетирген. Ал мас болуп алып кемпирге кол көтөрүп, пенсиясын тартып алып беш жылдай жашоо берген эмес. Айласы кетип, укук коргоо кызматкерлерине да арыз менен кайрылган, бирок погончондор даттануусун көз жаздымда калтырган. Күндөрдүн биринде аракеч кемпирге кол салып, ал тургай зордуктоого аракет кылган. Пенсионер коргонуп балта менен эки жолу чаап жибергенде, берки жан таслим болгон. Сот кемпирди жазалоого аракет кылып, төрт ай темир тор артында кармаган. Бир жылга эркинен ажыраткан.

Добавить комментарий