Борбордун райондук ИИБ башчысынын орун басарынын сатылып алынган доктордук диссертациясы жөнүндө маалымат – жасалма

Ленин райондук ИИБ башчысынын орун басары юридикалык кандидаты жана КМС даражасын сатып алган. Мындай маалымат социалдык тармактардагы фейк аккаунттарда таркатылды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБ бул маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Социалдык тармактардагы Ленин райондук ИИБ башчысынын орун басары, милициянын майору Жанар Мусаева жөнүндө жасалма аккаунттар аркылуу жайылтылган маалымат чындыкка дал келбейт жана ал жасалма кыстырма. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБден билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору Жанара Мусаева жөндөмсүз жетекчи экендиги, ал юридикалык илимдердин кандидаты жана спорт чеберине талапкер даражасын сатып алгандыгы тууралуу маалымат тараган.

Милицияда белгиленгендей, Жанара Мусаева тергөө ишиндеги мыкты адистердин бири жана иш билги жетекчи.

Белгилей кетсек, Мусаева аталган кызматка дайындалгандан бери анын кесиптештери жана жарандар тарабынан ага карата эч кандай даттануу болгон эмес.

Милиция кызматкерин жана жалпы эле ички иштер органдарынын беделин түшүрүүгө багытталган кылмыш жөнүндө жалган билдирүүлөрдү жана чагымчыл басылмаларды таратуу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде тиешелүү чаралар көрүлөт.

Добавить комментарий