Боомдо рельстен чыгып, оодарылып калган поезддин видеосу жарыяланды

Боом капчыгайында рельстен чыгып кеткен жүк ташуучу поезддин кырсыктан кийин тартылган кадрларын жөнөттү.

Окуя бүгүн, 18-декабрда, эртең менен болгон. Андан сегиз вагондуу поезд Балыкчы — Бишкек багыты боюнча көмүр ташып бара жатып Көк-Мойнок айылынын тушунда рельстен чыгып кетип, оодарылып калган. Темир жол кыймылы убактылуу жабылган.

Кырсык болгон жерден тартылган видео «Короче» Telegram-каналына жарыяланды.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы темир жол кыймылын калыбына келтирип жатат. Кырсыктан каза тапкандар же жабыркагандар жок экендиги айтылды.

 

Боом капчыгайында жүк ташуучу сегиз вагон рельстен чыгып кетти. Бул туурасында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Окуяга байланыштуу Балыкчы-Жел-Арык аймагындагы поезд кыймылы убактылуу токтотулду.

Учурда окуянын себептери такталып жатат. Ошондой эле поезд кыймылын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Кырсыктан каза тапкандар менен жабыркагандар жок экендиги айтылды.

Добавить комментарий