Бишкектин жанынан эркек кишинин сөөгү табылды

Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 10-июнь күнү курулуш иштери жүрүп жаткан учурда адамдын жансыз денеси табылган.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

«Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө адамдын сөөгү табылган факты боюнча билдирүү түшкөн. Милиция кызматкерлери 10-июнь күнү үйлөрдүн биринин бастырмасынын артындагы курулуш иштеринин жүрүшүндө кык баскан кичинекей чуңкурдан адамдын скелетке айланган сөөгү табылганын аныкташкан», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты КР Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыштын белгилери боюнча КЖБРге катталган.

Андан аркы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан өлүктүн өздүгү такталган. Ал 2021-жылдын декабрынан бери дайынсыз жоголгон 1977-жылы туулган З.Е. болуп чыкты. Апасы уулун табууга жардам сурап кайрылган.

Андан соң жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип, өлтүрүлгөн адамдын чогу жашаганы 1969-жылы туулган М.А. кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 7-декабрда үй-бүлөлүк чырдан улам аял кишиге бычак менен жаракат келтирип, денесин үйдүн короосуна көмүп салган. Тинтүү учурунда ал милицияга жалган көрсөтмө берген.

Добавить комментарий