Бишкектеги дүкөндөн 3 кг гашиш табылды

Бишкектеги дүкөндөрдүн биринде жүргүзүлгөн тинтүүлөрдүн натыйжасында КР ИИМ Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери 3 килограмм гашиш табышкан.

Бул тууралуу КРнын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Кара куурайдын (гашиш) өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү шектүү зат 273 даана өлчөмүндө ширеңке кутуларынын формасына кысылган алма салынган кутудан табылган. Табылган баңгизаттын жалпы салмагы 3 килограммга жакын», – деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө баңгизат дүкөндүн ээсине өзүнүн бир тууганы тарабынан тапшырылгандыгы аныкталган. Атайын ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токтогул районунун ИИБ кызматкерлери 22 жаштагы О.Н.ны кармашып, Бишкек шаарынын Ленин РИИБине алып кетишкен.

Сурак учурунда ал киши табылган заттар ага таандык экенин мойнуна алган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Добавить комментарий