Бишкекте жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы Мамлекеттик жер ресурстары агенттигинин башчысынын мыйзамсыз акча чогулткан деген шек менен кармалгандыгын жарыялады.

Кызматтын маалыматы боюнча, КР УКМКнын АККсы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесиндеги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан акча каражатын мыйзамсыз алгандыгы үчүн туруктуу коррупциялык схеманы аныктады.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө, Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.К.Кнын  (Ботобаев Каныбек Калбаевич) кол алдындагылардан мыйзамсыз опузалап акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги аныкталды..

2020-жылдын 7-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, чогултулган материалдардын негизинде Б.К.К. кармалып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Добавить комментарий