Бишкекте жаш айдоочу каза болду

Бүгүн эртең менен «Мерседес-Бенц Спринтер» микроавтобусунун 18 жаштагы айдоочусу каза болду. Рулду башкара албай, Шабдан Баатыр көчөсүндөгү мамыга урунган.

Каргашалуу окуя 5-ноябрдын таңында болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өзгөчө кырдаалдын кесепетинен 18 жаштагы айдоочу ошол жерде каза болуп, 19 жаштагы жигит жаракат алган.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жабырлануучуларды алып чыгышкан, маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген, жабырлануучу тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Добавить комментарий