Бишкекте ташталган ымыркай табылды

Бишкектин Салиев көчөсүндө жаңы төрөлгөн кыз табылды, баланын ден-соолугу чың, эми милиция энесин издеп жатат.

Бул тууралуу Свердлов районунун ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

19-мартта саат 07:35 чамасында 102 линиясына Салиев көчөсүндөгү No217 үйдүн жанынан жаңы төрөлгөн бала табылды деген чакыруу түшкөн.

Свердлов РИИБинин тергөө-ыкчам тобу аталган жерге жөнөп кетишти. Милиция жаңы төрөлгөн кызды көк түстөгү кутуга салып, ак кездемеге оролуп жаткандыгын аныктады.

Укук коргоо кызматкерлери тез жардам кызматын чакырып, ымыркайды «Ымыркай үйүнө» алып кетишкен. Дарыгерлер баланын абалын канааттандырарлык деп мүнөздөдү.

Бул факт КЖБPде КР Кылмыш-жаза кодексинин 150-беренеси («Кооптуу абалда калтыруу») менен катталган.

Милиция кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.

Добавить комментарий