Бишкекте эки күндө эле 11 мас айдоочу аныкталды

Бишкектин Патрулдук милициясы эки күндө эле 11 мас айдоочуну аныктаганын билдирди.

Бул тууралуу Бишкек ПМКБнын басма сөз кызматы билдирди.

«Акыркы убакта адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар көбөйүп, кырсыктын кесепетинен көптөгөн жарандар ар кандай жаракаттарды алышкан. Буга айдоочулардын жол эрежесин бузуулары себеп болгон», — деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Бишкек ПМКБнын кызматкерлери дем алыш күндөрү жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүп, 606 мыйзам бузуу фактысын аныкташкан.

Алардан:

– 11 айдоочу мас абалында;

– унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатуу – 3;

– айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын айдоо – 14;

– автобейбаштык – 2;

– башка жол эрежесин бузуулар – 574.

136 унаа айып короого коюлган

Бишкек ПМКБ бардык айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.

Добавить комментарий