Бишкекте үч унаа менен жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду

Бишкектин түштүгүндө үч унаанын катышуусундагы коркунучтуу жол кырсыгы катталып, бир адам каза болуп, экөө жаракат алды.

Патрулдук милиция кызматынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдиргендей, жол кырсыгы эртең мененки саат 9:00 чамасында 7-апрель көчөсүндө Түштүк магистралдан ылдыйда болгон.

Анда Lexus, BMW жана Toyota Estima минивэн кагышкан.

BMW үйүлгөн темирге айландф.

Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, BMW унаасынын айдоочусу каза болуп, Lexusтагы эки адамы жабыркаган.

Добавить комментарий