Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, балдарды порно бизнеске тартууга шериктеш болгон деп шектелген жаранды кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлдү. Эл аралык атайын операцияга Бишкектин ыкчам кызматкерлери, Интерполдун улуттук борборунун кызматкерлери, ошондой эле Норвегия менен Голландиянын полиция кызматкерлери катышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, ар кандай сайттар, анын ичинде дарнеттеги сайттар аркылуу балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн материалдарды сактоо жана таратуу фактылары аныкталган. Ушундай эле контент Кыргызстанда да түзүлүп, таркатылып жатканы белгилүү болду. Анализдин жыйынтыгында аталган сайттарды түзүүгө жана өлкөдө жайылтууга тиешеси бар адамдар тууралуу маалымат алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренесине ылайык, балдарды порнографиялык бизнеске тартуу боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү 1989-жылы туулган Н.М.Т. аттуу жаран буга чейин кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда техникалык жабдуулар, анын ичинде персоналдык компьютерлер жана тетиктер алынган. Компьютерлердин бириндеги программалык камсыздоону алгачкы текшерүү учурунда балдар порнографиясын камтыган файлдар табылган.
Кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.