Бишкекте атышуу: милиция шектүүнү тапты

Бишкекте камуфляж кийген ок чыгарган жигит кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 12-ноябрга караган түнү Чүй проспектисинин Турусбеков көчөсү менен кесилишинде болгон. Бул факт Жазык кодексинин 121-беренеси («Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу») менен КЖБРге катталды.

24-ноябрда милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 2002-жылы туулган Р.Б.ны Ленин РИИБге лып келишкен.

Эске салабыз! Жаш жигит анын катышуусундагы видео социалдык тармактардын кыргыз сегментинде тарай баштагандан кийин белгилүү болгон. Кадрларда ал камуфляж формасында куралынан эч себепсиз эле өйдө карай ок чыгарганы көрүнүп турат. Айрым маалыматтар боюнча, жигит ГБРдын кызматкери.

 

Добавить комментарий