Бишкекте 61 жаштагы шылуун кармалды

Бишкек ШИИБдин кызматкерлери автоунааны сатууга жардам берем деп убада кылып, кайра сатып жиберип, акчасын алып качып кеткен шылуунду кармады.

Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иштин материалдарынан алынган маалыматтар: 2020-жылы 27-августта Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, январь айында бир адам ага 80000 долларга унаа сатууга жардам берем деп убада кылганын, шектүү автоунааны үчүнчү жактарга сатып жиберип, качып кеткенин айткан.

Факт КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси «Алдамчылык» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 61 жаштагы шектүү кармалып, ИВСге киргизилген.

Добавить комментарий