Бишкекте 19 жаштагы кызды ала качып кетти делген жигит кармалды

Борбор калаада 19 жаштагы кызды ала качып кеткен деп шектелген жигит кармалды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ала качуу тууралуу милицияга 19-декабрда кыздын жакындары арыз жазып, Тыналиев көчөсүндө жайгашкан үйүнүн жанынан Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаа салып кеткенин айткан.

Аталган факт 175-берене («Турмуш куруу үчүн ала качуу») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Андан көп өтпөй ала качкан жигит Чүй облусунун Сокулук районунан табылып, анын 22 жашта экени аныкталды. Милиция аны убактылуу кармоочу жайына киргизгенин маалымдады.

Добавить комментарий