Бишкекте 12 жаштагы кыз жоголду

Көңүл буруңуздар, издөө! Бишкекте 12 жаштагы кыз жоголду. Анын аты Лера Цой.

Өспүрүмдүн эдеси укук коргоо органдарына кайрылган. Анын айтымында, кыз 3-июль күнү саат 9.00дө Москва жана Акиев көчөлөрүнүн аймагындагы үйдөн чыгып кеткен жана ушул убакка чейин кайтып келе элек. Леранын атасы баш калаанын Ленин РИИБге арыз жазган.

Ал ачык көк түстөгү футболка, кызыл шым жана кара бут кийим кийип жүргөн.

Издөөдө жүргөн адамдын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардан анын атасы Владислав Цойго 0553904808 номерине чалып же жазууну суранат.

Добавить комментарий