Бишкек: зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар эки аялдын сөөгү табылды

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы борбор калаадагы турак үйлөрдүн биринен зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилери бар эки аялдын сөөгү табылгандыгын билдирди. Тергөө эки киши өлтүрүлгөн деп божомолдоодо.

Анын айтымында, бүгүн саат 11:30 чамасында милицияга Жибек Жолу проспектиси менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишиндеги барак тибиндеги жеке менчик үйлөрдүн биринен зордук-зомбулук көрсөткөн эки аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, ошондой эле райондук ички иштер бөлүмүнүн, борбордук милициянын жана ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жетекчилиги жөнөп кетишти.

Милициянын маалыматы боюнча, 63 жаштагы А.А. жана 30 жаштагы А.А. өлтүрүлгөн. Айрым маалыматтарга караганда, алар эне жана кыз.

Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.

Добавить комментарий