Бишкек: Жол кырсыгынан 3 жашар бала жабыркаган

Борбор калаада Лев Толстой менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде BMW X5 жана Subaru унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. 3 жаштагы кыз жапаа чекти.

Бул тууралуу борбордун ПМКБ басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүн, 22-майда саат 8:30 чамасында кырсык болду. Эки унаа сүзүштү: BMW X5 жана Subaru. Үч жашар кыз жаракат алган. Ал 3-балдар ооруканасына жеткирилген», – деп айтылат маалыматта.

Учурда кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Добавить комментарий