Бишкекте жарык өчүп, жол чырактар иштебей калды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жол милициянын жалпы өздүк курамы шаардын көчөлөрүнө чыгышты.
Электр жарыгынын массалык түрдө өчүрүлүшүнөн улам жол чырактар иштебей, андан улам чоң тыгындар пайда болгонун борбор калаанын ИИББ билдирди.
Борбор калаанын көчөлөрүндөгү жол кыймылын ПМКБ кызматкерлери жөнгө салууда. Шаардын кесилиштеринде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Жол кайгуул кызматынын жеке курамы толугу менен тартылганын ИИББ билдирди.
Шаардык милиция айдоочуларды жол эрежесин сактоого жана бири-бирине урмат көрсөтүүгө чакырат.
«Жол эрежесин сактайлы, тыгын жаратпайлы! Жөө жүргүнчүлөргө этият болгула, бири-бириңерге жана патрулдук милиция кызматкерлерине сый мамиледе болгула», — деп эскертишти башкармалыкта.