Бишкек: уюшкан кылмыштуу топтун алты мүчөсү кармалды

2016-жылы жасаган кылмышы үчүн криминалдык милициянын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) алты мүчөсүн кармашкан.

Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

2016-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош-Бишкек унаа жолунун боюнда жайгашкан кафенин жанында, 1980-жылы туулган жаран С.М., 1980-жылы туулган Э.М., 1991-жылы туулган Ш.Н., С Б ., 1991-жылы туулган, 1974-жылы туулган жаран О.Т. менен сүйлөшүп алып, Россиядан алынып келинген BMW Х-5 унаасын ачык түрдө ээлеп алган.

Ошондой эле, алар жаран Т.А.ны куугунтуктоо менен коркутуп, өздөрүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экендигин билдирип, досу экөө Бишкекке кайтып келүүсүн талап кылышкан. Андан кийин алар окуя болгон жерден ушул унаа менен качып кетишкен.

Бишкек шаарынын тургуну Р.М., Свердлов районунун ИИБге жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. КРнын Жазык кодексинин эски редакциясы болгон 353-берене – «Өзүм билемдик» боюнча кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бириккен Араб Эмираттарынан Россияга, андан кийин Кыргызстанга импорттолгон, BMW Х-5 автоунаасы Чүй нотариус округунун жок нотариусу тарабынан Жалал-Абад облусунда жашаган жаран Б.П.га берилген жасалма ишеним кат менен алынып келингендиги аныкталды. 

Бул факт Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосунан өтүп, КР Жазык кодексинин 201 «Каракчылык» жана 204 «Алдамчылык» беренелери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бишкек шаарынын ИИБдин УКМКнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун аймагында ыкчам каттоодо турган шектүү адамдар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары аныкталды жана кармалды: 1980-жылы туулган Э.М., 1991-жылы туулган С.Б., 1974-жылы туулган О.Т, 1982-жылы туулган Д.Б, 1990-жылы туулган Ш.Н жана 1980-жылы туулган С.М. Кылмышка шектүүлөр Э.М., С.Б жана О.Т ИИБдин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылып, калган үч шектүү жоопкерчиликке тартылышты.

Учурда тергөө иш-чаралары жана ыкчам-издөө иш-чаралары шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо иштерин улантууда.

 

Добавить комментарий