Бир күн мурун Бишкек-Торугарт унаа жолунун Алга айылына жакын жерде адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталганын Коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын маалыматына караганда, саат 19:25те Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Sitrak жүк ташуучу унаа кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен Toyota Prius унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган Ж.А. каза болгон. Унаадагы дагы эки жүргүнчү Кант шаарындагы ооруканага жаткырылды.
ЖКККБ маалыматы боюнча, жүк ташуучу унаанын айдоочусу, Кытай жараны В. Л. эч кандай жаракат алган эмес жана жабыркаган эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча, коркунучтуу окуяга аба ырайы себеп болгон: жеңил унаанын айдоочусу муздан улам рулду башкара албай калган.