Бишкек: тоноочу аялдан 94,5 миң сомду тартып алган

Борбордун милициясы аялды тоногон адам кармалганын билдирди.

Маалым болгондой, 27-ноябрда кечки саат жетилер чамасында 6 кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн жанында белгисиз адам аял кишиге кол салган. Күч колдонуп, анын баштыгын тартып алган, ичинде 94,5 миң сом болгон. Жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факт КЖБРде КР Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси («Каракчылык») боюнча катталган.

Октябрь РИИБинин ШМБ-3түн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган П.Н.кармалды.  Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин ИИМ аныктап жатат. Ушуга байланыштуу, укук коргоо органдары шектүүнүн иш-аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон ар бир адамдан 0 (552)102-474 жана 102 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.

Добавить комментарий