Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде жылытуучу от казан жарылды

Бишкектеги үйдөгү жылытуучу от казандын жарылышынын кесепетинен жети адамдан турган үй-бүлө жаракат алды.

Бул тууралуу 19-декабрда КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Бейтаптар түнкүсүн келген. Төрт бала Шаардык балдар клиникалык ооруканасында, алардын абалы канааттандырарлык. Бир бала жана бир эркек киши оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылды. Эркектин күйүк, сынык, баш мээси чайкалган жана жабык травма бар. Баланын травмасы бириккен: биринчи жана экинчи даражадагы күйүк. Аял реанимацияда көз жумган», – деп билдирди Саламаттык сактоо министрлиги.

«Бейтаптын денесинин 80 пайызы күйүк алган. Үй-бүлөнүн калган мүчөлөрүнүн абалы туруктуу», – деди Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков.

Трагедиянын шарттары азырынча белгисиз.

Добавить комментарий