Бишкек: полигондо мөөнөтү өтүп кеткен азыктар жок кылынды

Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (ЭКККМК) кызматкерлери тарабынан алынган, мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар борбор калаанын таштанды төгүүчү жайында жок кылынды.

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан белгилүү болду.

Эске салсак, 2021-жылдын январь айында ЭКККМК кызматкерлери «Не сахар» долбоору менен биргеликте 2017-2018-жылдарга чейин сактоо мөөнөтү өткөн, көп өлчөмдө жарактан чыккан кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталган дагы бир кампаны табышкан. Ошол эле кампада таңгактарда чыгарылган күндү алмаштыруу (өзгөртүү) үчүн пломбалар табылган жана алынган, ошондой эле иш жүзүндө сакталуу мөөнөтү жок азыктар табылган. Мөөнөтү бүткөн продуктулар менен аныкталган кампа мөөр басылган.

5 тонна табигый ширелерди жана 5 миңдей куту кондитердик азыктарды (печенье, таттуулар) жок кылышты.

Бул факт боюнча тергөө жүрүп жатат, анын жүрүшүн ЭКККМКнын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев көзөмөлгө алат.

Муну менен катар, ЭКККМК республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү чараларды көрүүнү улантууда.

Добавить комментарий