Токтогулда 17-августка караган түнү «Лада» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милиционер кадастр кызматынын башчысын сүзүп кеткен. Белгилүү болгондой, адам аман калган эмес, КР ИИМ.
Алардын маалыматы боюнча, 17-августта түнкү саат 00:00 чамасында «Лада-2113» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Бишкек-Ош унаа жолу менен борборду көздөй бара жаткан. Жолдо келе жатып бир адамды сүзүп, аны дагы жүз метр сүйрөп кеткен. Андан соң жеңил унаа башка тилкеде бара жаткан Scania жүк ташуучу унаасын сүзгөн.
Жөө жүргүнчү ошол жерден каза болуп, жеңил унаанын айдоочусу Токтогул райондук ооруканасына жаткырылган.
Каза болгон адам Токтогул районунун кадастр кызматынын башчысы — 1964-жылы туулган Н.Б. болгон. Анын төрт баласы калды.
Ладанын айдоочусу милициянын участкалык инспектору болуп чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча анын канынан спирт табылган эмес.