Бишкек: «Оберег» реабилитациялык борборунун филиалы мэрия тарабынан конфискацияланды

«Оберег» реабилитациялык борборунун филиалы мэрия тарабынан алынды.

Бул тууралуу аталган уюмдун директору Ольга Джабраилова билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы борбор шаар мэриясы Айтиев көчөсүндө жаңы имаратты бергенден кийин, филиалда инклюзивдик борбор түзүлгөн.

«Ушул аймакта ден-соолугу чың балдардын арасында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар да келет. Карантинге чейин 72 бала бар болчу. Андан кийин биз али ачыла элекпиз, жаңы эле коронавируска анализ тапшырдык», – деди ал.

Ольга Джабраилова жума күнү, 12-июнда филиалдын директорун муниципалдык менчик департаментинин башчысы Нурдин Тынаев чакырып, дүйшөмбү күнү эртең менен имаратты бошотуу керектиги жөнүндө буйрук бергендигин кошумчалады.

«Биз бул имаратта 2003-жылдан бери иштеп келебиз. УМИ менен келишим боюнча, алар бизге жок дегенде 30 күн бериши керек эле. Өткөн жылы дагы бир жолу ижара мөөнөтүн узарттык. Бүгүн биз бардык, имарат мөөрлөнүп кетти, эки күн кетишти. “Сезим” борбору бул жакка көчүрүлөт дешет алар. Азыр ал №6 оорукананын имаратын ээлеп жатат, ошол эле учурда борбордун жетекчиси муну билбейт», – деди ал.

Эске салсак, БШК депутаттары бир нече жолу “Сезим” борборуна жана Исманкулов клиникасына ижарага берилген №6 оорукананын имаратын бошотуу маселесин көтөрүшкөн.

 

Добавить комментарий