Бишкек: Милиция мурдагы аялын өлтүрүүгө аракет кылган адамды кармады

Бишкекте патрулдук милиция кызматкерлери мурдагы аялын өлтүрүүгө аракет кылган жаранды кармашты.

Бул тууралуу Бишкек патрульдук милиция кызматынын башкармалыгынын (ПМКБ) басма сөз кызматы билдирди.

«16-июль күнү Улуттук хирургия борбору аларга бычактан алган жаракатынан улам 1984-жылы туулган М.Г. түшкөнүн билдирген. Окуя болгон жерге келген укук коргоо кызматкерлери муну аялдын мурдагы күйөөсү 1973-жылы туулган Х.К. жасагандыгын аныктап, ал кармалып, Бишкектин Свердлов РИИБнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда кылмышка шектүү аялга 16 жолу бычак сайганын мойнуна алган.

Бир катар жергиликтүү ЖМК кылмыш борбордун Аламүдүн базарында жасалганын, ал жерде жабырлануучу соода кылганын жазып чыгышкан. Окуянын күбөлөрү журналисттерге кол салууга учураганда аял контейнерди жаап жатканын айтышкан.

Жаракат алгандын абалын дарыгерлер оор деп баалышат.

Кыргызстанда 2021-жылы 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Жабыркагандарга 938 убактылуу коргоо ордери берилген, анын 8463ү аялдарга, 264ү жашы жете электерге берилген.

2022-жылдын беш айында КР милиция тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун 3988 фактысы катталган.

Добавить комментарий