Бишкек: мас абалында унаа башкарган 27 айдоочу кармалды

Бишкекте эки күндүк рейддин жыйынтыгында мас абалында унаа башкарып бара жаткан 27 айдоочу кармалды.

Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар көбөйүп, жол кырсыгынын кесепетинен көптөгөн жарандар жабыркап жатат. Ошондуктан, ПМКБ кызматкерлери тарабынан эки күндүк «Бахус» рейди жүргүзүлүп, 2562 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

130 унаа айып короого киргизилди.

Добавить комментарий