Бишкекте, Чортеков көчөсүндө Mercedes Benz кичи автобусу менен Honda унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды, деп билдирди 25-декабрда Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгы.
«Автобус Чортеков көчөсү менен түштүк тарапты көздөй бара жатып, Honda унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен кичи автобус оодарылып кеткен. Honda айдоочусу жаракат алган, буста жүргүнчүлөр болгон эмес», – деп билдиришти Патрулдук милициядан.
Унаалар айып короого токтотулган, Патрулдук милиция кызматкерлери кырсык болгон жерде иштеп жатышат.