Бишкек-Кара-Балта жолунда жол кырсыгы: “Матиздин” мас айдоочусу “Опелди” сүзгөн

 

Шаршемби күнү, 12-октябрда эртең менен Бишкек-Кара-Балта жолунда эки унаа кагышкан.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында жол кырсыгы катталды. Маалыматты Чүй облустук ЖККБ басма сөз кызматы тастыктады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 12-октябрда саат 04:00 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун 9-чакырымында 1992-жылы туулган А. уулу Ж.нын башкаруусундагы “Опель” үлгүсүндөгү унаа жана 1994-жылы туулган К.А.А.нын башкаруусундагы “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн.

ЖКККБдан билдиришкендей, «Матиз» унаасынын айдоочусу мас абалында унааны башкарып кеткен.

Ал кырсык болгон жерден Сокулук аймактык ооруканасына жеткирилген.

Добавить комментарий