Кыргыз милициясынын ыкчам кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты.
Берилген маалыматка ылайык, милицияга мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн шектүү баш калаанын аймагында жашырынып жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.
Ошентип, 24-сентябрда борбор калаада Казакстандын аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн КЭРдин жараны кармалган.
Белгиленгендей, аталган Кытай жараны Х.Р. 1979-жылы туулган, Казакстандын КМКсы тарабынан РКнынКылмыш-жаза кодексинин 392-беренеси боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.
Андан тышкары, сот кармоонун мыйзамдуулугун тааныды жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандады. Материалдар кармалган жаранды Казакстанга өткөрүп берүүнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.
Учурда КЭР жараны Х.Р. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайында.