Бишкек – ​​Балыкчы – Каракол унаа жолунда унаа оодарылып кетти

Бишкек – ​​Балыкчы – Каракол жолунун 156-чакырымында Honda Accord үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

«Министрликтин алдын ала маалыматы боюнча, айдоочу рулду башкара албай калып, анын кесепетинен унаа оодарылып, 25 жаштагы эки адам жабыркады», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерде Балыкчы шаардык No19-ӨКБнын 3 кызматкери иштеди.

Жабыркагандарды тез жардам бригадасы алып кеткен.

Добавить комментарий