Бишкек: ашканада массалык уулануу

Борбор калаадагы «Столовой №1» келген кардарлар тамактан ууланып ооруканага жаткырылды.

Маалым болгондой, мекеме Москва көчөсү, 136 дарегинде жайгашкан.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн маалыматы боюнча, уулануунун натыйжасында 22 адам ооруканаларга жаткырылды: 9 адам Токмок ооруканасында жана 13 Чүй бириккен ооруканада жайгашты.

Учурда бардык жабыркагандардын абалы канааттандырарлык.

Көрсө, алардын бардыгы 25-26-май күндөрү «Столовой №1» бризол жешкен.

«Окуя болгон жерге адистер барып, үлгүлөр алынды, козгогучту аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Ошондой эле, кафеге 15 миң сом айып салынган. Эми окуянын бардык жагдайлары такталмайынча, ал жабык», – деп белгилешти Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынан.

Добавить комментарий