Бир жуманын ичинде экинчи окуя: Бишкекте “Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп кетишти

Кечээ, 18-декабрда Бишкекте “Ала-Тоо” ресторанынын маңдайында Honda CR-V үлгүсүндөгү унаа “Тазалык” ишканасынын кызматкерин сүзүп кетти, ал каза болду, бул бир жумадагы экинчи окуя.

Бул тууралуу Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.

Ал белгилегендей, 45 жаштагы айдоочу Honda CR-V унаасын Масалиев көчөсү менен батыш тарапты көздөй айдап бара жаткан. «Ала-Тоо» ресторанынын аймагында «Тазалык» ишканасынын 61 жаштагы кызматкерин сүзүп кеткен. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон, айдоочу мас болгон.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын эки кызматкеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуялар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, 12-декабрда “Тазалыктын” бир кызматкерин унаа сүзүп, ал каза болгон.

Добавить комментарий