Бир туугандар эле… Сүлүктүдөгү шахтада каза болгондор тууралуу

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада каза болгон төрт кишинин экөө бир туугандар болгон. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маркумдардын төртөө тең Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбике айылында жашачу. Алардын эң улуусу 42 жашта, кичүүсү 23 жашта болгон. Ал эми бир туугандар 32 жана 34 жашта экени кабарланды.

Айыл тургундарынын айтымында, эң кичүү жигиттен башкасынын баары үй-бүлөлүү болгон. Алар ошол шахтада көмүр казып тиричилик кылышчу.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-декабрда, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында иштеп жаткан төрт жумушчу газга ууланып каза тапкан.
Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп берген.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан төрт киши каза болду. Бул маалыматты ӨКМ тастыктады.

Окуя бүгүн, 10-декабрда, болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында газ чыккан. Кырсыктын кесепетинен шахтанын 4 жумушчусу ууланып каза тапкан.

Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп бергени айтылат.

Жерине ӨКМдин 6 куткаруучусу тартылган.

Добавить комментарий