Бир сутка ичинде Кыргызстанда 144 адам коменданттык саатты бузду

2020-жылдын 21-апрелине карата 114 тартип бузуучу коменданттык саатты бузгандыгы үчүн аймактык ички иштер органдарына жеткирилген. Андан тышкары, унаа токтотуучу жайга 5 унаа жеткирилген.

Анын ичинен: Бишкек шаарында 91, Жалал-Абадда 3, Ошто 6, Ат-Башы районунда 5, Нарында 8, Сузак районунда 1.

Кара-Суу жана Ноокат райондорунда укук бузуучулар катталган жок.

Коменданттык саат аяктагандан кийин, алардын бардыгы үйлөрүнө коё берилген.

25-марттан баштап 3084 тартип бузуучу коменданттык саатты бузгандыгы үчүн аймактык ички иштер органдарына жеткирилди.

 

Добавить комментарий